Редакцияот 22.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык Кенешинин III кезексиз сессиясы

2021-жылдын 22-ноябры № VII-III-II

Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2021-жылга күзгү дан эгиндерин оруп-жыйноо учурунда жазында себилген жана кесек тоют жетишсиздигинен 41,0 га арпа чөпкө чабылып, дан катары түшүм алынбай калганы жөнүндө

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты А.Токторовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ак-Талаа айыл аймагы боюнча 2021-жылга айдалган дан эгиндеринин ичинен 41,0 га арпа кесек тоют жетишсиздигине байланыштуу чөпкө чабылгандыктан, статистикалык отчеттуулуктан чыгаруу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик статистикалык бөлүмүнөн суралсын.

2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иштөө жагын экономист-статист жетектөөчү адиси П.Чикеевага тапшырылсын.

3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына калтырамын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

А.Токторов