Редакцияот 19.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз онунчу сессиясы

2022-жылдын 19-февралы № 10-3

Арбын айылынын тургуну Атабекова Гүлбайра Калдаровнанын арызы тууралуу.

Арбын айылынын тургуну Атабекова Гүлбайра Калдаровнанын жашап жаткан үйү союз мезгилинде чайхана болуп, кийин чайхана иштебей калганда 1998-жылы бул жерди турак-жай салуу үчүн көп балалуу Ысаковко сатылган. Азыркы учурда бул жердин багыты комерциялык боюнча өзгөрүлбөй калгандыгына байланыштуу, 1200 чарчы метр жер участогунун багытын тамарка деп өзгөртүп берүү тууралуу жазган арызын карап жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 18-беренесинин 2- пунктунун 16-пунктчасына, Ноокат райондук шаар-курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2021-жылдын 03-февралындагы № 12/22 сандуу архитектуралык-техникалык корутундусуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Арбын айылынын тургуну Атабекова Гүлбайра Калдаровнанын жашап жаткан үйүнүн 1200 чарчы метр жер участогунун максаттык багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Мыйзамдын негизинде карап, тиешелүү документтерин бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Абдырахманов О.С.