Редакцияот 18.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Муз айылдык кеңешинин VII чакырылыштын X сессиясы

2022-жылдын 18-марты № 10/1

Ак-Муз айылынын “Ардактуу атуулу” наамын жана Айылдык кеңештин Ардак грамотасын берүү жөнүндө.

Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасы Адистен уулу Казыбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Ак-Муз айылынын тургуну Шаршеев Турдубекке,  Жумаканова Жазгүлгө, Алымкулов Жумагазыга, Бектурганов Абдыразакка Ак-Муз айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын;

2. Ак-Муз айылынын тургуну Абдыбеков Байышка, Турдубаева Жыргалга, Такырбашева Жамилага, Катаганова Гүлзатка, Ибраева Гулзатка, Саалаев Үмөтакунга, Дүйшөмакунов Кубатаалыга, Болотова Дамирага, Асенбекова Аселге  Айылдык кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылсын;

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.

 

Төрага:

Адистен уулу К