Редакцияот 22.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VII сессиясы

2022-жылдын 22-марты № 12-1

2022-жылдын 11-мартындагы №01-13-221 сандуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун жана Ат-Башы райондук билим берүү мекемесинин  имараттарын алмаштыруу  тууралуу каты жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековдун жогорудагы кат боюнча берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү менен К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун имараттары мамлекеттик менчикте болгондугуна байланыштуу  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн жана К. Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун имараттарын алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын;

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

 

А. Өмүракунов