КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2021-жылдын 13-декабры № 1
Муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Сагымбаевдин кайрылуу катын сессияда талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясын жана 25-статьясын жетекчиликке алып Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясына кызматтык турак-жай куруу үчүн Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер тилкесинен 0,10 га жер тилкеси мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бекетаевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба иштери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Джумагулов |