Редакцияот 13.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

VIII  чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2021-жылдын 13-январы № 2

Муниципалдык  менчиктеги жер  тилкесин мөөнөтсүз

пайдаланууга  бөлүп  берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республиксынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук  комитетинин Талас областы  боюнча башкармалыгынын Кара-Буура  райондук  бөлүмчөсүнүн башчысы Э.Жаналиевдин 07.12.2021-жылындагы №08/383 сандуу кайрылуу катынын негизинде жазылган Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Сагымбаевдин 08.12.2021-жылындагы №01-39/639 сандуу кайрылуу катын сессияда  талкуулап, Кыргыз  Республикасынын Жер  кодексинин 18-статьясын жана 25-статьясын  жетекчиликке  алып Кара-Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республиксынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук  комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура  райондук  бөлүмчөсүнө административдик  мекеме  куруу  үчүн Кара-Буура айыл өкмөтүнүн Ч.Айтматов көчөсүндөгү музыкалык мектептин батыш тарабында жайгашкан муниципалдык менчигиндеги  0,10 га жер тилкеси мөөнөтсүз  пайдаланууга  бөлүнүп берилсин.

2.Токтомдун аткарылышы  Кара-Буура айыл өкмөтүнүн  башчысы Д.Бекетаевге  тапшырылсын.

3.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  Кара-Буура  айылдык  кеңешинин “Муниципалдык  менчик, айыл чарба  жана  суу  чарба  иштери  боюнча”  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Джумагулов