Редакцияот 19.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин биринчи уюштуруу сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 19-майы № 1/2

Кызыл-Жар айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана иш милдеттерин бөлүштүрүү жөнүндө

Кызыл-Жар айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын курамын жана иш милдеттерин бөлүштүрүлүшүнталкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Жар айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын төрагасына айылдык кенештин депутаты Кыязбек уулу Данияр катчысына айылдык кенештин депутаты Обозбек уулу Амалбек

мүчөсүнө айылдык кенештин депутаты Зарипбеков Дөөлөтбек Рысбекович бекитилсин.

 

2. Эсептөө комиссиясынын төрагасына жалпы шайлоого көзөмөлдүк жүргүзүү, эсептөө комиссиясынын катчысына шайлоо бюллетендерин кол тамгаларын белгилеп таркатуу жана эсептөө комиссиясынын мүчөсүнө урнага түшкөн бюллетендерди көзөмөлдөө милдеттери бөлүштүрүлсүн.

3. Кызыл-Жар айылдык кенешинин төрагасын шайлоону уюштуруу жагы Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнө жүктөлсүн.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин жаш

курагы улуу депутаты:

 

Т.Жусубалиева