Редакцияот 26.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясынын (VIIшайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 26-июлу № 4/1

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылына уюшулган 5 гектар “Үрөн чарбасынан” бал чарбасын уюуштуруу үчүн 1 гетар жер аянттын бөлүп берүү жөнүндө.

Кызыл-Жар айыл аймагынын Коо-Чаты айылынын Өнүктурүү фондунун лидери Салибеков Манас Матосмоновичдин Кыргыз Республикасынын “Менин айылым” КОЙКА программасынын негизинде бал чарбасын уюштурууга Коо-Чаты айылындагы Терек –Талаа участкасында жайгашкан 5 гектар “Үрөн чарбасынынын” ичинен 1 гектарын бал чарбасына бөлүп берүү болоору боюнча берген маалыматынын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Жар айыл аймагынын Коо-Чаты айылынын Терек-Талаа участкасында жайгашкан 5 гектар “Үрөн чарбасынын” жер аянттынан 1 гектр жерин бал чарбасын уюштурууга берилсин.

2. Тийиштүү документациялык иштерине бүтүрүүгө жардам берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жүктөлсүн.

3. Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Обозбек уулу Амалбекке милдеттендирлсин.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы:

 Г.Эрматова