Редакцияот 26.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясынын (VIIшайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 26-июлу № 4/3

Кызыл-Жар айыл  аймагынын аз камсыз болгон  үй-бүлөөлөргө жакындан жардам берүү жөнүндө

Кызыл-Жар айыл аймагындагы аз кмасыз болгон үй-бүлөөлөрдөн түшкөн арыздар боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн соц кызматкери М.Желдеңовдун маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кызыл-Жар айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн арыз даттанууларын жеринен карап тийиштүү жардамдарды көрсөтүү боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн  алдында түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.

2. Азыр менен кайырлган жарандардын арызын негизин тактап чыгып, матиралдык жана маралдык колдоо көрсөтүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджеттинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнч туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Жусубалиевга тапшырылсын.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы:

 Г.Эрматова