Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясынын (VIIшайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 12-августу № 5/1

Кара-Кулжа райондук РИИБнин Кызыл-Жар айымактык милиция бөлүмчөсүнөКурмантаев Нарынбек Шекеновичдин атын ыйгаруу жөнүндө.

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Күйө-Таш айылынын тургуну Курмантаев Нарынбек Шекеновичдин атын Кара-Кулжа райондук РИИБнин Кызыл-Жар айымактык милиция бөлүмчөсүнө атын ыйгаруу боюнча Ош ОИИБдинАрдегерлер төрагасы милициянын отстовкадагы полковниги К.Камчиевдин каты менен таанышып жана талкуулап

Кызыл-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Кулжа райондук РИИБнин Кызыл-Жар айымактык милиция бөлүмчөсүнөКурмантаев Нарынбек Шекеновичдин аты ыйгарылсын.

2. Тийштүү кагаз иштерин бүтүрүүгө көмөк көрсөтүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук укук тартиби, мандат кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссияна тапшырылсын.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы:

 Г.Эрматова