Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз  7-сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 16-ноябры № 7/2

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине сметага толуктоо киргизүү жөнүндө.

Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезексиз 7  сессиясынын ( VII шайланган) жыйналышынын биринчи маселеси боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б. Арапбаевдин 2021-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине сметага толуктоо киргизип берүү жөнүндө берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты Үмүт Нур балдар бакчасынын кубаттуулугу кв р- 100 печкасы үчүн 360 000 ( үч жүз алтымыш миң) сом көмүр алууга, Сагындык атындагы орто мектебинин  кв р-0,2- 95CН кутбаттуулукдагы печкасына кошумча көмүр алууга 480 000 ( төрт жүз сексен миң) сом көмүр, майыптарга кышка карата жылытуу мезгилине карат жардам үчүн 160 000 ( бир жүз алтымыш миң) сом көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен бөлүнгөн 1 000 000( бир миллион) сом Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн эсебине чегерилип сметага толуктоо киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынын жана туруктуу комиссиясынын жергиликтүү бюджетинин  иштелишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы:

 Г.Эрматова