КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 8-сессиясынын (VIIшайланган) жыйналышынын
2021-жылдын 6-декабры № 8/1
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө.
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга карата стратегиялык планы боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекдин түзгөн планы менен таанышып угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАМ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга карата стратегиялык планы бекитилсин.
2. 2021-2022-жылдарга карата бекитилген стратегиялык пландын жобосу бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы: | Г.Эрматова |