Редакцияот 06.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 8-сессиясынын (VIIшайланган) жыйналышынын

2021-жылдын 6-декабры № 8/2

Кара-Кулжа райондук Кызыл-Жар айыл аймагынын Коо-Чаты айылдарынын көчөлөрүн  түнкү жарыктандыруу үчүн түрткү берүүчү грантка долбоор жазып өтөрүүгө өздүк салымга Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылынын бюджеттинен акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө.

Коо-Чаты  айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу максатында түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорунун өткөрүү боюнча Кызыл-Жар айыл өмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекдин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кызыл-Жар айылдык кеңеши

Т О К Т О М    К Ы Л А Т

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты  айылынын борбордук  көчөлөрүн, жарыктандыруу үчүн өздүк салым катары Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2022-жылынын бюджеттинен 307 056 ( үч жүз жети миң элүү алты ) сом акча каражатты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишинин жана маданий иштерди  алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы  Т.Жусубалиевага тапшырылсын.

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрайымы:

 Г.Эрматова