ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2022-жылдын 21-январы №6/2
Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны көтөрүп бекитүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны көтөрүүсүн талкуулап,
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезексиз VI сессиясы токтом кылат
1. Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысы бодо малга 50 сомдон 70 сомго, кой-эчкиге 10 сомдон 14 сомго көтөрүлүп бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акыны чогултуу боюнча даярдалып сунушталган жобосу бекитилсин жана жобого ылайык иш алып барылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Чет-Нура айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Назарбаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Өмүрбеков |