ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы
2022-жылдын 21-январы №6/3
Чет-Нура айыл аймагында “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишканасын түзүү боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Чет-Нура айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдында жаңы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишкана түзүлсүн.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн алдындагы “Үч-Нура таза аймак” муниципалдык ишкананын уставы бекитилсин.
3. Муниципалдык мекеме түзүү, каттоодон өткөрүү жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго тапшырылсын.
4. Бул Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.
5. Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Өмүрбеков |