Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы

2022-жылдын 2-январы №6/4

Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык муниципалдык кызматтагы эмгеги үчүн кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыкка сунуштоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык муниципалдык эмгектерин баалап, сессияда талкуулап Чет-Нура айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык мунипалдык эмгектери үчүн Ж.Айдаралиевди жана А.Шамырканованы Нарын райондук мамлекеттик администрациясына Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамына сцнцшталсын.

2.    Чет-Нура айыл аймагындагы көп жылдык эмгеги үчүн Төш-Булак айылынын айыл башчысы Ү.Мамыровду Чет-Нура айыл өкмөтүнүнү “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.

3.    Бул Токтомдун аткарылышын камсыздоо, керектүү документтерин топтоп, мөөнөтүнөн кечиктирбестен тийиштүү мекемеге сунуштоо  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Өмүрбеков