Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы

2022-жылдын 10-февралы №7/2

Чет-Нура айыл аймагынын 2022-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

Чет-Нура айыл аймагынын 2022-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

2.    Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:

№

Статья

Чыгаша бөлүктүн аткарылышы

Сумма (миң сом)

1

2211

Сапар чыгымдары

50,0

3

2214

Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр

155,0

4

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

1510.7

5

2217

Медициналык багыттагы медикаменттерди жана буюмдарды алуу

10,0

6

2221

Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар

393,0

7

2222

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу

661,0

8

3111

Имараттар жана курулуштар

828,0

9

3112

Машиналар жана жабдуулар

118,0

Жалпы

3725,7

 Баары - 3725,7 миң сом (Үч миллион жети жүз жыйырма беш миң жети жүз сом).

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Булановага тапшырылсын.

 

Төрага

М.Өмүрбеков