ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү VII сессиясы
2022-жылдын 10-февралы №7/6
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы парктын ичиндеги куураган жана карыган бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы “Мамаке ата” атындагы парктын ичиндеги куураган жана карыган бак-дарактарды кыюу жөнүндө талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү VII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Орто-Нура айылындагы ”Мамаке ата” атындагы парктын ичиндеги куураган жана карыган 100 даана бак-дарактар кыйылып, ордуна жаш көчөттөр отургузулсун.
2. Тиешелүү уруксаат алуу иш-кагаздарын даярдоо, мыйзамдаштыруу жана көзөмөлчү комиссия түзүү жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө У.Абдыраймакуновго тапшырылсын..
Төрага | М.Өмүрбеков |