АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2021-жылдын 11-июну № 8
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНА СПОРТ КОМПЛЕКС КУРУУГА ЖЕР АЯНТЫН ЧЕЧИП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын III кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy III кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагынын 4-02-02-1001-0746 инвентардык номурда турган муниципалдык жер аянтына заманбап спорт комплекс курууга туурасы 50м узуну 100м жер аянты бекитилип берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап, райондук жер комиссиясынын отурумуна керектүү болгон тиешелүү документер менен камсыз кылуу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Шүкүрбеков |