Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын III кезексиз сессиясы 

2021-жылдын 11-июну № 9

Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Т.Жунушбаевдин арызы туралуу

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын III кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy III кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.    Ак-Жар айыл аймагынын «Тогуз-Булак» участкасындагы контур №0664 1,0 га жер аянтына Автодром жана туризмди өнүктүрүү жашылдандыруу иштерин уюштурууга 5 (беш) жылдык мөөнөт менен уруксаат берилсин.

2.    КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап, райондук жер комиссиясынын отурумуна керектүү болгон тиешелүү документер менен камсыз кылуу Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин башчысы Манапбаев Алтынбекке милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов милдеттендирилсин.

 

Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Шүкүрбеков