АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы
2021-жылдын 25-августу № 19
Ак-Жар айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын көтөрүү жөнүндө.
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын IV кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy IV кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагынын аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгын эсептөөдө К3-зоналдык коэфиценти төмөндөгүдөй эсептелинсин:
1.1. «Петролиум» май куйуучу жайы -1,2;
1.2. «Партнер нефть» май куйуучу жайы-1,2;
1.3. «Ат-Башы кирпич заводу»-1,2;
1.4. «Элдос» дүкөнү-1,2;
1.5. «Аурдин» май куйуучу жайы-1,2;
1.6. «Ак-Жар айылдык малдар парозитардык ылаңдан коргоочу купка» -1,2;
1.7. «Стан» эс алуучу жайы -1,2;
1.8. «ОсОО Азия транс нефтигаз» май куйуучу жайы-1,2;
2. Салык эсептер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Токтом 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирсин
4. Бул токтомдун аткарлышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде иш алып баруу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси С.Азисовага милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Качкынбаевке милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Шүкүрбеков |