АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы
2021-жылдын 25-августу № 20
Ак-Жар айыл аймагындагы жайыт эсебиндеги жерлердин салыгын көтөрүү жөнүндө.
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын IV кезекcсиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы А.Шүкүрбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышыныy IV кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагынын аймагында жайгашкан жайыт аянтында жайгашкан айдоо аянттарын жайыт эсебине өткөрүү жана ижара салыгын эсептөөдө К3-зоналдык коэфиценти төмөндөгүдөй эсептелинсин:
1.1. Жайыт эсебиндеги өздөштүргөн жайыт аянттары 0,1га -15 сомдон эсептелинсин.
2. Салык эсептер Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
3. Токтом 2021-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирсин
4. Бул токтомдун аткарлышын камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде иш алып баруу Ак-Жар айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси С.Азисовага жана жайыт комитетинин башчысы А.Манапбаевке милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Качкынбаевке милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Шүкүрбеков |