АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын III кезектүү сессиясы
2022-жылдын 15-февралы № 26
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга карата болжолдуу сметалык планын бекитүү жөнүндө
2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
- Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык 6093,4 миң сом
- Теңдештирилген грант 5467,0 миң сом.
Баары 11560,4 миң сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ.
- 701 Башкаруу аппаратына 6858,5 миң сом.
- 704 Экономикалык маселелер (жайыт) 495,0 миң сом
- 708 Маданият 1523,4 миң сом.
- 709 Билим берүүгө 2233,5 миң сом
- Атайын каражат 450,0 миң сом.
Баары 11560,4 миң сом.
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин эмгек акысы 14-айлык ченемде расчетторго ылайык түзүлүп берилсин.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине КРнын өкмөтүнүн № 258 токтомунун негизинде эмгек акысына компьютерде иштегендеги зыяндуулугуна кошумча пайыздар төлөнсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасына пайдалануу үчүн күйүүчү майына тиешелүү 170,0 сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Аталышы | Жылдар | ||
2023-ж. | 2024-ж. | 2024-ж. | ||
1 | Жергиликтүү киреше | 6116,2 | 6182,2 |
|
2 | Тендештирилген грант | 5467,0 | 5467,0 |
|
3 | Жалпы киреше | 11583,2 | 11649,2 |
|
5. Айылдык кеңештин депутаттары бекитип берген акча каражаттары КРнын «Бюджеттик кодекс» жөнүндө мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Качкынбаевге милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | А.Шүкүрбеков |