Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык кеңешинин

VIII  чакырылышынын  VI сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 4

Кызыл-Адыр  айылынын Ала-Арча 1 көчөсүнүн аталышын  өзгөртүү жөнүндө

 

Кара-Буура айылдык  кеңешинин социалдык жана маданий иштер  боюнча  туруктуу комиссиясынын корутундусун сессияда талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында географиялык  аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык айылдык  кеңеш токтом  кылат:

1.Кызыл-Адыр  айылынын Ала-Арча 1 көчөсү “Мирлан Калыбаев”

атындагы көчөсү болуп, аталышы өзгөртүлсүн.

 2.Токтомдун бир нускасы эл каттоо өткөрүлгөндөн кийин “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура райондук филиалына бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

 3.Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин  социалдык жана маданий иштер боюнча туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

М.Джумагулов