КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын VII сессиясы
2021-жылдын 27-сентябры № 1
2021-жылдын 8 айында бюджетке ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 8 айына бюджетке ашыкча түшкөн 7 528 000 (жети миллион беш жүз жыйырма сегиз миң) сомду сессияда талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Кара-Буура айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 8 айына бюджетке ашыкча түшкөн акча каражаты, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
Аппарат 2212 13000
2222 111000
КЧБ 2214 50000
2221 220000
2222 300000
3111 6079000
Мектептерге 2215 60000
2221 425000
Бала-бакчаларга 2221 200000
Жарандык коргонуу 2215 70000
2.Токтомду аткаруу Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Д.С.Бекетаевге жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Д.Култаевге тапшырылсын
Төрага | М.Джумагулов |