КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 12-ноябры № 1
Убактылуу комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин төрагасы М.Карачевдин ооз эки кайрылуусун сессияда талкуулап, Кара-Буура айылдык кеңешинин Регламентинин 16-бөлүмүнө ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2021-жылдын 21-июнунда болуп өткөн селдин кесепетинен бузулган Шилбили өзөнүнүн боюндагы Кара-Буура жайыт комитетине тийиштүү Күйүк-Булак кыштоосуна барчу жолду оңдоп-түзөө иштери менен жеринен таанышуу үчүн төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия курамы түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: - Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы
Бекетаев Дастан Сатымбекович;
Комиссиянын мүчөлөрү: - Карбозова Салкын Орунбековна;
- Абдыкарова Ботогоз Сапаркуловна;
- Ускенбаева Эльнура Арзыматовна;
- Усупбекова Гульназ Касымбековна;
- Эралиев Мирлан Токтомушович;
- Байгазиев Таласпай Мамедалиевич;
- Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин
төрагасы Карачев Майлыбай Абдылдаевич;
2.Аткарылган иштер жөнүндө комиссия тарабынан кийинки сессияда маалымат берилсин.