КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 12-ноябры № 3
Убактылуу комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кызыл-Адыр айылынын Чолпонбай көчөсүнүн тургундарынын кайрылуу катын жана Чаткал, Аларча, Ленин көчөлөрүнүн тургундарынын таза суу көйгөйлөрү боюнча ооз эки кайрылууларын сессияда талкуулап, Кара-Буура айылдык кеңешинин Регламентинин 16-бөлүмүнө ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Адыр айылынын Чолпонбай, Чаткал, Ленин, Аларча жана башка көчөлөрүндөгү жана жаңы конуштардагы таза суу көйгөйлөрүн аныктоо үчүн төмөндөгүдөй курамда убактылуу комиссия курамы түзүлсүн:
Комиссиянын төрагасы: - Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысынын
орунбасары Раимбеков Улан Раимбекович;
Комиссиянын мүчөлөрү: - Керимкулов Эсенбек Алынбекович;
- Асылбеков Копболсун Кушубакович;
- Усупбекова Гульназ Касымбековна;
- Бакеева Гүлкайыр Тагайкуловна;
- Карбозова Салкын Орунбековна;
- Кара-Буура суу каналынын башчысы
Шабданов Нурдин Шамилович;
-Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жер адисинин
милдетин аткаруучу Абдразак уулу Белек;
2.Аткарылган иштер жөнүндө комиссия тарабынан кийинки сессияда маалымат берилсин.
Төрага | М.Джумагулов |