КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 12-ноябры № 8
Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таманташ чыгаруучу ишкана ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фондторун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Кара-Буура айылдык кеңешинин сессиясында карап чыгып, максаттуу жумшоо багытында Кара-Буура айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. “Талас облусунун өнүктүрүү фондусу” аркылуу Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу коммуналдык чарбасынын базасында таманташ чыгаруучу ишкана ачууга 1 750 000 (бир миллион жети жүз элүү миң ) сомго долбоор тапшырууга уруксат берилсин .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Джумагулов |