КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2021-жылдын 12-ноябры № 10
Кара-Буура айыл өкмөтүнө карашту Кызыл-Адыр айылына Таштанды сорттоочу ишкана ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 катар сандуу токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фондторун түзүүнүн тартиби жөнүндөгү” типтүү жобонун негизин карап Талас облусунун өнүктүрүү фондусунан бөлүнүүчү акча каражатын Кара-Буура айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында карап чыгып максаттуу жумшоо багытында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Талас облусунун өнүктүрүү фондусу” аркылуу Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу коммуналдык чарбасынын базасында таштанды сорттоочу ишкана ачууга 5 500 000 ( беш миллион беш жүз миң) сомго долбоор тапшырууга уруксат берилсин .
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Муниципалдык менчик, айыл чарба жана суу чарба боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Джумагулов |