ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 2
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү “Оомат” мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүү жана имарат курулуп бүткөнгө чейин Жандама айылындагы Н. Найманбоев атындагы орто мектебинде убактылуу мөөнөткө өз ишмердүүлүгүн алып баруусу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө уюшулган “Оомат” мектепке чейинки балдар мекемеси өз ишмердүүлүгүн жеке адамдын үйүндө алып барып жаткандыгын, азыркы күнгө келип үй ээси менен келишим бүткөндүгүнө байланыштуу “Оомат” мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүү жана имарат курулуп бүткөнгө чейин Жандама айылындагы Н. Найманбоев атындагы орто мектебинде убактылуу мөөнөткө өз ишмердүүлүгүн алып баруусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү “Оомат” мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү “Оомат” мектепке чейинки балдар мекемесине жаңы имарат куруу үчүн муниципалдык жерден жер аянтын ажыратып берүү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. “Оомат” мектепке чейинки билим берүү мекемеси убактылуу мөөнөткө өз ишмердүүлүгүн улантуу максатында Жандама айылындагы Н. Найманбоев атындагы орто мектебинен 4 каана ажыратып берилишине макулдук берилсин.
4. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депуттатык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча жана Билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, туризмди өнүктүрүү, жаштар саясаты, спорт, социалдык маселелер, той-марекелер өткөрүүдө ашыкча чыгымдарды кыскартуу жана башкалар” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |