ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 4
Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетин каттоо жөнүндө
Күн тартибиндеги Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетин каттоо жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын чогулушунда жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
токтом кылат:
1. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын уставын бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетин каттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо аткаруу комитетинин төрагасы Акбаров Шухратбекке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |