ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 5
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы № 9-көчөсүнө наам ыйгаруу жөнүндө.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы 09-көчөсүнүн аталышы боюнча айыл тургундарынын 2021-жылдын 02-июлундагы чогулушунун протоколун карап чыгып, талкуулап көчөлөргө наам ыйгаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Күнгөй-Хасана айылындагы № 9-көчөсүнүн аталышына эл арасында кадыр-баркка ээ болгон Рахмонов Одилжон Эгамбердиевичтин наамы ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |