ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 6
Памирдагы этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Ош облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 14-июнундагы “Памирлик кыргыздарга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү” №265-б буйругун аткарууга алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүү максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-июлундагы №318-а билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму
токтом кылат:
1. Памирлик кыргыздарга малдардын кыштоосуна ыңгайлуу шарт түзүп берүү жана курулуш иштерин жүргүзүү максатында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 763235-бөлүмүнүн 22-беренесинен 52 800 (эллү эки миң сегиз жүз) сом акча каражатын 2625-бөлүмүнүн 626-беренесине өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М. Махмудовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инветиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |