ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 7
Жаңы-Ноокат айылындагы медицина кызматкерлерине айылдык кеңештин Ардак грамотасын ыйгаруу жөнүндө.
Саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдан бери эмгек сиңирген, пандемия мезгилинде коронавирус илдети менен күрөшүүдө чоң салымын кошуп, өз өмүрүнө болгон коркунучка карабай элдин амандыгын ойлоп, канчалаган өмүрлөрдү сакталып калышына себепчи болгон, кесиптик жана жарандык милдетин жогорку жоопкерчилик менен аткаргандыгы үчүн медицина кызматкерлерине айылдык кеңештин Ардак грамотасын ыйгаруу максатында Жаңы-Ноокат айылындагы №12-13-ҮДТнун эмгек жамаатынын 2021-жылдын 02-июлундагы сураныч катын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айылындагы төмөнкү медицина кызматкерлерине айылдык кеңештин Ардак грамотасы ыйгарылсын:
Гуломойдинова Шахзода - Зарбдор атындагы ФАПтын медайымы.
Жээнбаева Абыда - Кызыл-Тейит атындагы ФАПтын медайымы.
Тажимаматов Илхомжон - №12-13-ҮДТнын үй-бүлөлүк дарыгери.
2. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары И. Мамажоновга тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |