Редакцияот 24.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 24-июлу № 9

Жаңы-Ноокат айылынын борборун сарамжалдоо жөнүндө

Жаңы-Ноокат айылынын борборунда ар түрдүү жайма базарлардын болуп жаткандыгы, унаалар жолдун четине тартибсиз коюлуп айыл тургундарынын жүрүшүнө ыңгайсыз абал жаратылып, айрыкча шаршемби жана ишемби күндөрү жолдор тыгын болуп айылдык поликлиникага баруучу бейтаптарга тоскоолдук жаралып жаткандыгын карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

токтом кылат:

1. Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы жайма базарларды бир тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар иштеп чыгылсын.

2. Жаңы-Ноокат айылынын борборундагы жайма базарларды башка жерге көчүрүү айыл өкмотүнө тапшырылсын.

3. Жаңы-Ноокат айылынын борборун сарамжалдоо максатында айыл окмөтүнүн админстративдик имаратынын, банк мекемелеринин алдында айыл өкмөтүнүн жашоочуларына коопсуз, ынгайлуу шарт түзүү максатында жана айылдык поликлиникага баруучу бейтаптарга шарт түзүү максатында жеке ишкер Шухрат Жураевдин кыймылсыз мүлктөрү алдыдан (ПОМ имаратынын каршы тарабынан) жеке ишкер Арибжанова Азизахондын имаратына чейин (250 метр тегерегинде болгон) Т. Эргашев көчөсүнүн (эски “Книги” дүкөнүнөн) баштап Сахоба лицейине чейинки (280 метр тегерегинде) болгон тараптарына Кыргыз Республикасынын Жол кыймыл эрежесинин “Унааларды токтотууга мүмкүн эмес” (3.27) белгиси орнотулсун.

4. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандарды укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

К. Сатторов