Редакцияот 24.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы

2021-жылдын 24-июлу № 10

Сахоба эс алуу сейил багындагы иш чаралар жөнүндө.

Жаңы-Ноокат айылында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн Сахоба эс алуу сейилбагына ички инвестиция тартуу, инфраструктурасын оңдоо, сейилбакда иш-жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү алып барып санитардык нормалар, өрт жана техникалык коопсуздук боюнча талаптарды коюп келишим түзүү, сейилбакка келүүчү адамдарга жакшы шарттарды жаратып берүү жана тейлөө маданиятын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамына таянып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму

токтом кылат:

1. Жаңы-Ноокат айылында ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү үчүн Сахоба эс алуу сейилбагына ички инвестиция тартуу, сейилбактын инфраструктурасын оңдоо, сейилбакда иш-жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү алып барып санитардык нормалар, өрт жана техникалык коопсуздук боюнча талаптарды коюп келишим түзүү, сейилбакка келүүчү адамдарга жакшы шарттарды жаратып берүү, тейлөө маданиятын жогорулатуу жана айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча киреше булактарын изилдөө боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн төмөнкү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:

Комиссиянын төрайымы:

С. Токталиева

айылдык кеңешинин депутаты

 

Комиссия мүчөлөрү:

М. Кариев

Т. Жалолов

М. Жураев

А. Абдусаломов

Ф. Алимжанов

А. Тешебаев

Ж. Жамолов

М. Мамажонов

Ш. Абдиллаева

М. Зияев

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

айылдык кеңешинин депутаты

 

2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамында көрсөтүлгөн “Жергиликтүү кеңештин убактылуу комиссияларынын түзүнүн тартиби” боюнча беренеге ылайык иш-чараларын жүргүзүүдө зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, сейилбактаги жеке ишкерлер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар тартылсын.

3. Убактылуу комиссия өз иштерин жыйынтыгын 2021-жылдын сентябрь айына чейин аяктап, иш-чаралар боюнча корутундусун айыл өкмөтүнө сунуштоо милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары И. Мамажоновга тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

К. Сатторов