ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) № 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 24-июлу № 11
Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Абдусатар Абдуллаев Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Жаңы-Ноокат айыл аймагында айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу максатында “Абдусатар Абдуллаев Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн алдында “Абдусатар Абдуллаев Таза-Суу” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. З. Рузалиевке жүктөлсүн
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |