Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/16 токтому

 

2021-жылдын 17-ноябры

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын 9 айлык аткарган жумушуна баа берүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,     Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Анарбековдун 2021-жылдын 9 айына карата аткарган жумушу “Канааттандыраарлык” деп табылсын.

2.   Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4.   Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.

Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.

 

Төрага

М.О.Сооронбаев