Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын № 3/23 токтому

 

2021-жылдын 17-ноябры

Талаш жерди чечип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Арстанбеков Тынчтык менен Нурматов Валихан аттуу жарандын ортосунда талаш болуп жаткан 2 сотых жер тилкеси аталган эки жаранга тең бөлүнүп убактылуу пайдалуу үчүн ижарага берүү жагы каралсын.

2.   Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмɵтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3.   Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;

4.   Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Г.Турдукуловага милдеттендирилсин.

5.   Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:

-        ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

6.   Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.О.Сооронбаев