КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 28-декабры № 6/2
Кара-Кулжа айылындагы Суранбай атындагы көчөдө жайгашкан жаратылыш музейине, Кыргыз Республикасынын жаратылышына эмгек синирген ишмери Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругун негиздөөчү жана уюштуруучу Боромбаев Асан Боромбаевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “ Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 17 - декабрь 2021-жылдагы № 5 “Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун кесиптик (профсоюз) кошундун 15-октябрь 2021-жылдагы № 6 “Кара-Кулжа айылындагы Суранбай атындагы көчөдө жайгашкан жаратылыш музейине, Кыргыз Республикасынын жаратылышына эмгек синирген ишмери Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругун негиздөөчү жана уюштуруучу Боромбаев Асан Боромбаевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” сунушун талкуулагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 17 - декабрь 2021-жылдагы № 5 протоколдук чечими бекитилсин.
2.Кара-Кулжа айылындагы Суранбай атындагы көчөдө жайгашкан Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун жаратылыш музейине, Кыргыз Республикасынын жаратылышына эмгек синирген ишмери, Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругун негиздөөчү жана уюштуруучу Боромбаев Асан Боромбаевичтин ысмы ыйгарылсын.
3. Боромбаев Асан Боромбаевичтин жумушчу бөлмөсүндөгү мамлекеттик сыйлыктары (ардак грамоталары, дипломдору, медалдары, төш белгилери), илимий эмгектери жана китептери, методикалык колдонмо китептери Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун жаратылыш музейине калтырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.А.Бөрүбаев |