Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 28-декабры № 6/3

Айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо  боюнча туруктуу комиссиясынын 17 - декабрь 2021-жылдагы  № 5 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 15.12.2021-жылдагы № 1-3-426 “ Айыл чарба жерлеринин жер салыгынын базалык ставкасынын өлчөмүн бекитүүнү карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап  Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ   КЫЛАТ :-

1. Кыргыз Республикасынын “Салык жөнүндөгү” кодексинин 337-б еренесинин 6 бөлүмүнө ылайык айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы, инфляциялык коэффициентти Ки 1,034  кошпогондо төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин (сом, га)

Сугат  айдоо

Кайрак айдоо

Көп жылдык өсүмдүктөр

Чабындылар

Жайыттар

348

125

176

55

11

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо  боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Аматовго жүктөлсүн.

 

Төрага:

 А.А.Бөрүбаев