КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 28-декабры № 6/4
Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүндө жайгашкан райондук маданыят үйүнүн жер аянтына Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, компазитор, аткаруучу (маркум) Р.Абдыкадыровдун айкелин орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын 21 - декабрь 2021-жылдагы № 3 “Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүндө жайгашкан райондук маданыят үйүнүн жер аянтына Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, компазитор, аткаруучу (маркум) Р.Абдыкадыровдун айкелин орнотууга жер бөлүп берүү жөнүндөгү райондук маданыят үйүнүн эмгек жааматынын 20.09.2021-жылдагы № 8 протоколдук чечимин бекитип берүүнү карагандыгы жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүндө жайгашкан райондук маданыят үйүнүн жер аянтына Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, компазитор, аткаруучу (маркум) Р.Абдыкадыровдун айкелин орнотууга 9 (тогуз) м. кв. жер бөлүнүп берилсин.
2. Айылдык кеңешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Камчыбековго тапшырылсын.
Төрага: | А.А.Бөрүбаев |