Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА –КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү алтынчы сессиясынын (VII шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 28-декабры № 6/6

Кара-Кулжа айылындагы Т.Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштырууга өздүк салымга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кара-Кулжа айылындагы Т.Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) грант долбоорун угуп жана талкуулап  Кара-Кулжа айылдык кеңеши ТОКТОМ   КЫЛАТ :-

1. Кара-Кулжа айылындагы Т.Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу үчүн жазылган долбоорду колдоого өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен  705.925 (жети жүз беш мин тогуз жүз жыйырма беш) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

2. Кара-Кулжа айылындагы Т.Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) грант долбоорун колдоп берүү жагы түрткү берүүчү (үлүштүк) грантына түзүлгөн долбоорду тандап алуу жана бекитүү боюнча райондук комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жана айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага тапшырылсын.

 

Төрага:

 А.А.Бөрүбаев