Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) жетинчи сессиясы

2022-жылдын 22-январы № 7-9

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген К. Каримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар окуучу эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген К. Каримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар окуучу эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү К. Каримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар окуучу эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдындагы “Региондорду өнүктүрүү фондуна” долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

2. К. Каримов атындагы орто мектебинин башталгыч класстар окуучу эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүгө даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2022-жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 Женишбай у. Э.