Редакцияот 19.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) сегизинчи сессиясы

2022-жылдын 19-февралы № 8-5

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөндөр үчүн Кыргыз-Ата айылынан 1,5 га, Ак-Булак айылынан 2,6 га,Көтөрмө айылынан 1,5 га, Борко айылынан 1,5 га, жалпысы 7,1 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга) макулдук берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөндөр үчүн Кыргыз-Ата айылынан 1,5 га, Ак-Булак айылынан 2,6 га, Көтөрмө айылынан 1,5 га, Борко айылынан 1,5 га, жалпысы 7,1 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга) макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Жер Кодексинин 13-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

токтом кылат:

1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөндөр үчүн Кыргыз-Ата

айылынан 1,5 га, Ак-Булак айылынан 2,6 га, Көтөрмө айылынан 1,5 га, Борко айылынан 1,5 га, жалпысы 7,1 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга) макулдук берилсин.

2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөндөр үчүн Кыргыз-Ата

айылынан 1,5 га, Ак-Булак айылынан 2,6 га, Көтөрмө айылынан 1,5 га, Борко айылынан 1,5 га, жалпысы 7,1 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга)

тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер ,жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссияларына тапшырылсын

 

Төрага:

 

Женишбай уулу Э.