КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) сегизинчи сессиясы
2022-жылдын 19-февралы № 8-7
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Борко айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндөгү протоколдорду бекитүү тууралуу
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Борко айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндөгү протоколдорду бекитүү тууралуу маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Борко айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачуу жөнүндөгү Борко айылынын тургундарынын 2021-жылдын 28-ноябрындагы жана Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты менен өткөрүлгөн 2022-жылдын 15-январындагы жалпы чогулуштарынын чечимдери бекитилсин (1-2-тиркемелер тиркелет).
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Борко айылында тереңдетилген билим берүү максатында гимназия мектебин ачууга макулдук берилсин.
3. Гимназия мектебин ачуу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан уруксат алуу, юридикалык каттоодон өткөрүүгө көмөк көрсөтүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер,маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Женишбай уулу Э. |
| Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги сегизинчи сессиясынын 2022- жылдын 19-февралындагы №8-3 токтомуна 1-2- тиркемелер |
| 1-тиркеме |
Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин кезектеги ата-энелер чогулушу
протокол № 1
28-ноябрь 2021-жыл Борко айылы
Чогулушка 431 ата-эне
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аялдар кенешинин төрайымы Садирова Танзила жергиликтүү кенештин депутаты Ташалиева Санталат
Кыргыз-Ата айылынын участкалык милициясы Эргешов
айыл аксакалы Адынаев Жолдубай ажы катышты
Чогулуштун төрайымы: Келдибек кызы Кутбүбү
Күн тартибинде:
Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин окуучуларына тереңдетилген билим берүү максатында мектепти мектеп-гимназия кылып өзгөртүү жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча мектептин директору Келдибек кызы Кутбүбү билдируу жасады. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду:
Мектептин көптөгөн окуучулары кошуна “Борко” лицейине, анан да алыстыгына карабай кошуна айылдарга каттап, терендетилген мектептерге кетип, ал эми калган окуучулар жакын санаалаш досторунан ажырап, өздөрүн коомдун өгөй баласындай сезип, жаны классташтарына көнгөнгө чейин бир топ кыйынчылыктарга туш болуп, окуулары солгундап, мугалимдердин ишмердүүлүгүнө да тоскоолдуктарды жаратып жатышат, ошого байланыштуу айрым ата-энелер, мугалимдер өз мектебибиздин ичинде эле терендетилген негизде сапаттуу билим уюштуруп берүүнү суранып жатышат. Акы төлөнүүчү ийримдерди уюштурууга мыйзам жол бербейт. А бизге бөлүнгөн ийримдер эсептелүү эле. Ошого байланыштуу мектепти гимназия кылып өзгөртүү учурдун талабы болуп турат. Анткени, жаңы мектептин имараты, анын ичиндеги шарттар, мугалимдердин билим деңгээли гимназиянын талаптарына жооп берет.
Чыгып сүйлөштү
Айыл тургуну -Эшатова Акылай: “ Ооба, мен да балдарымдын ушул эле мектептен билим алып, өз классташтары менен бир класстан бүтүшүн каалайм. Мына бардык шарттары менен жаңы мектеп бүткөнү турат. Мектепти гимназия кылып өзгөртсө өтө жакшы болот эле, себеби балдарыбыз ар жакка тарабай өз мектебинде кошумча, тереңдетилген системада окумак”.
Ташбаев Баатыр: “Менин кызым да кошуна айылдагы Парпиев атындагы мектеп-гимназиясында окуйт эле. Күн сайын кызым келгенче кыжалат боло берип, акыры ал жакка жибербей койдум. Азыр күн сайын кызым ыйлактайт “Ал жакта кошумча кружоктор бар эле”,-деп. Мен да ушул мектептин гимназия болуп аталып, балдарга терендетилген билим берилишин талап кылаар элем”.
Абдыкаарова Сайкал: “ Мен да биздин окуучулардын республикалык олимпиадаларга катышып, жеңүүчу болушун, “Алтын тамга” артыкчылык аттестатынын саны көбөйүшүн, ЖРТдан жогорку упайларды топтоп “Алтын сертификатка” жетишин каалайт элем. Жаны мектепти жаныча дем-күч менен ачып, жаныча ийгиликтерди күтөбүз. Мен мектептин гимназия болуп өзгөрүшүн колдойм. Келиңиздер, көптөп ушул ишти уюштуралы”.
Койчуев Бакыт: “ Мен да бул маселени көтөргүм келип жүрөт элем. Абдан жакшы демилге көтөрүлүптүр. Колдойм. Кана эми, балдарыбыз бөлүнүп-жарылбай бир класстан бүтсө”.
Балтабаев Жылдыз: “Көпчүлүк колдоп, ушул ишти уюштуралы! Элден кандай жардам керек болсо, биз даяр турабыз!”
Бакиров Нургазы: “ Менин да балдарым ушул мектепте окуйт. Өзүм да ушул мектептен билим алганмын, балдарымдын да башка жакка кетишин каалабайм. Балдарымдын билим деңгээлдери жакшы. Алардын терендетилген билим алышын каалайм. Элдин пикирин колдойм. Урматтуу директор, Сиз чуркап, ушул ишти уюштуруңуз, жардам берүүгө даярбыз!”
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, кеңешме чечим кылат:
1. Келдибек Каримов атындагы орто мектеби мектеп-гимназия болуп өзгортүлсүн.
2. Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин окуучуларына тереңдетилген билим берүү максатында мектепти гимназия кылып өзгортүп берүү жагы тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу мекемелерине сунушталсын.
3. Чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
Мектеп директору: | Келдибек кызы Кутбүбү |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
К. Заирова |
| 2-тиркеме |
Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин кезектеги педагогикалык кеңешмеси
Протокол № 3
15.01.2022-жыл Борко айылы
Педкеңешменин катышуучулары: 48
Катышканы: 39
Чогулуштун төрайымы: Келдибек кызы Кутбүбү
К а р а л у у ч у м а с е л е:
Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин окуучуларына тереңдетилген билим берүү максатында мектепти мектеп-гимназия кылып өзгөртүү жөнүндө
Угулду: Күн тартибиндеги маселе боюнча мектептин директору Келдибек кызы Кутбүбүнүн билдирүү жасады. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду.
“Жаңы мектеп бүтүп, ишке берилгени турса да, биздин балдар тереңдетилген билим берүүчү мектептерди издеп, алыстыгына карабай ар кандай мектептерге кетип, баланын саны азайып баратат. Баланын санын сактап калалы, мамлекет тарабынан төлөнүүчү ийримдерди биз да уюштуралы. Антпесек, балдарга кошумча акы төлөнүүчү ийримдерди уюштурууга мыйзам жол бербейт экен. Ата-энелер, окуучулар кошумча сабактарды уюштуруу талабын коюп , шаштырып жатышат. Окуучулар заманбап билим алууга дилгир, алардын өтүнүчтөрү да жүйөөлүү. Ийгиликке жетүү үчүн мектеп программасына кошумча ийримдер өтө зарыл. Мектепти тереңдетилген билим берүүчү мекемеге айлантып, учурдун көйгөйүн чечели”- деп кайрылып жатасыздар.
Урматтуу коллегагалар, бул өтө орчундуу маселе. Көптөгөн жумушту, жоопкерчиликти талап кыла турган иш. Ушул маселе боюнча пикирлериңиздерди уккум келет.
Сөзгө чыкты:
Жарыш сөзгө мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Назарбаева Замира Атанбековна чыгып, ал өз сөзүндө: “ Мектеп директору Келдибек кызы Кутбүбүнүн жигердүү иштерине, заман менен жарышып, билим берүүнүн жаңы усулдарын мектепке алып келип, мугалимдерди жаңы тай-тай баскан баланы энеси кантип колтугунан сүйөп алга жетелесе, дал ошондой жетелеп, мектепке бар жаңылыктарды алып келип жатканына күбө болуп, көрүп турабыз. Мугалимдер чынында медиа-сабаттуулук ошондой эле окутуунун жаңы усулдары боюнча түрдүү окуулардан өтүп, бүгүн мектепти гимназия кылып өзгөртүүгө даяр. Ушундай жетекчи турганда коркпой, жаңы мектепти гимназия кылып уюштурсак болот” деген пикирин билдирди.
Кубатова Апиза Карабаевна: “ Ооба, мектепти мектеп-гимназия кылып өзгөртүү демилгесин көтөргөндөрдүн бири менмин. Мына жаңы, заманбап мектеп бүтүп жатат, гимназия үчүн бардык шарттар түзүлгөнү турат. Эмне үчүн тереңднтилген билим берүүчү мектептердин катарын толуктасак болбойт. Болот. Биздин билимибиз да, шарттарыбыз да койгон талабыбызга жооп берет. Балдарды ар кайсы мектептерге кое бербей, өзүбүздө алып калып, баарын өз айылында, өз мектебинде кошумча акы төлөнүүчү ийримидерди уюштуруп окутсак өтө сонун болот.”
Мектептин кесиптик бирлигинин төрайымы Бөрүбаева Назгүл Имаралиевна: “ Урматтуу кесиптештер, бул көйгөй канча жылдан бери бизди кыйнап келет. Жыл сайын балдарыбыз ар тарапка таркап, 5-класстан кийин балдардын саны азайып, бул мугалимдердин бир орунда иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратып, башка жактардан иш издөөсүнө мажбур кылса, экинчи жактан балдардын билим сапатынын көрсөткүчүнүн түшүп кетүүсүн камсыздап жатат. Ооба, класстарда баланын саны азайып, параллель класстарды бириктиргенде, алар бири-бирине көнгөнчө эле бир топ убакыт өтүп, мугалимге эле кыйын болуп калды. Ал эми мектепте калган балдар, алардын ата-энелери бизден кошумча окутууну талап кылып жатышат. А бизде кошумча акы төлөнүүчү ийримдер эсептелүү гана. Ошого байланыштуу мектептин жаштар канатынын атынан суранат элем, урматтуу жетекчилер, мектепти мектеп-гимназия кылып уюштуралы! Сиздер уруксат алуу үчүн тийиштүү жогорку органдарга убакытты өткөрбөстөн кайрылсаңыздар, балдарыбызды өзүбүздө алып калалы! Керектүү билимди балдарыбызга өзүбүз берели!
Жогоруда айтылган пикир кеңешме тарабынан жактырылды.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, кеңешме чечим кылат:
1. Келдибек Каримов атындагы орто мектеби мектеп-гимназия болуп өзгөртүлсүн.
2. Келдибек Каримов атындагы орто мектебинин окуучуларына тереңдетилген билим берүү максатында мектепти гимназия кылып өзгөртүп берүү жагы тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу мекемелерине сунушталсын.
3. Чечимди бекитип берүү жагы Кыргыз-Ата айылдык кеңешинен суралсын.
Мектеп директору: | Келдибек кызы Кутбүбү |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: |
К. Заирова |