КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2021-жылдын 2-сентябры № 7
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу жайыт аянтындагы чөп чабынды жерлерди жарандарга убактылуу ижарага пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдухалиловдун Кашка-Суу айыл аймагынын жайыт аянтындагы чөп чабынды жерлерди жарандарга убактылуу ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сунушун эске алуу менен Кашка-Суу айыл аймагынын жайыт аянтындагы чөп чабынды жерлерди жарандарга убактылуу ижарага пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Чөп чабынды жайыт жерлерин аукциондун негизинде жана баштапкы ижара акысы 450 сомдон берилсин.
3. Тиешелүү иш- аракеттерди жүргүзүү ,жарандарга убактылуу пайдаланууга берүү жана тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдухалиловко жана Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кенешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |