КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 15-декабры № 4
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарында мыйзамсыз курулуп кеткен турак-жайларды жана жер аянттарын мыйзамдаштырып тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарында мыйзамсыз курулуп кеткен турак -жайларды жана жер аянттарын мыйзамдаштырып тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөт башчысы А.Ж.Рахмановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши төмөндөгүдөй:
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарында мыйзамсыз курулуп кеткен турак -жайларды жана бөлүнүп берилген жер аянттарын мыйзамдаштырып тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Рахмановго жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |