Редакцияот 30.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы

2021-жылдын 30-декабры № 2

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган -Суу айылынын тургундары Термечиков Дөөлатбек, Термечиков Абдижапар, Термечикова Ыкбалбүбү, Термечикова Лайликандын үлүш жер аянттарын жылдырууга макулдук беруу жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылынын тургундары Термечиков Дөөлатбек, Термечиков Абдижапар, Термечикова Ыкбалбүбү, Термечикова Лайликандын үлүш жер аянттарын жылдырып берүү жөнүндө

Токтом кылат

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылынын тургундары Термечиков Дөөлатбек, Термечиков Абдижапар, Термечикова Ыкбалбүбү, Термечикова Лайликандын үлүш жер аянттарын түшүмдүүлүгү төмөн болгондуктан түшүмдүүлүгү жогору мамлекеттик фонддун жерине жылдырып берүү жөнүндөгү арызына ылайык , чарбага иштетүү үчүн ыңгайлуу мамлекеттик фонддун жерине жылдырып (которуп) берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына калтырам.

 

Кашка- Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы:

 

А.Баатыркулов