КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 11
Кашка-Суу айылындагы Очубек, Айдаров Абдилазиз, “Бор-Тумшук” көчөлөрүнө көчө жарыктарын орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши:
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылындагы Очубек, Айдаров Абдилазиз, “Бор-Тумшук” көчөлөрүнө көчө жарыктарын орнотууга макулдук берилсин.
2. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө Кашка-Суу айылындагы Очубек, Айдаров Абдилазиз, “Бор-Тумшук” көчөлөрүнө көчө жарыктарын орнотуу үчүн Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуга сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка- Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы: |
А.Баатыркулов |